Avropa Ittifaqı Azərbaycanla əməkdaşlığı genişləndirmək istəyir

Ayasofya’nın sümükçüleri Arnavutluk’taki suskun ezanların sağırlarıdır

آزربایجان ” دوستان و دشمنان دائمی ” ندارد ـ کریم اصغری

2016 yılı “Rusya Ulusal Güvenlik Strateji Belgesi”

Мехмет Йуже: СЦЕНАРИЯ ТҮЗҮҮ ОРУСИЯДАН, АЗАП ТАРТУУ ТҮРКСТАНДАН; КЫРГЫЗСТАН-ТАЖИКСТАН АРАСЫНДАГЫ ЧЫРДАШУУНУН АРКА ЖҮЗҮ

Gündem 2 Mayıs 2021
43
MAKEDONYA'DA SINAVSIZ ÜNİVERSİTE

Уулу Македонский өзүнүн насаатчысы улуу философ Аристого кат жазып: “Басып алган жерлерде кол алдымда жашаган элдерди башкаруу үчүн эмне кылуум керек?”
Анда Аристотелү чечим катары төмөнкүлөрдү сунуштайт: “Элдердин арасына араздашуу үрөнүн себесиң. Аларды бөлүп салып, бири бирин ортосунда чыр чатак чыгарасың. Алар бири-бири менен урушканда, өзүңду калыс катары көрсөтөсүң. Бирок келишимге алып баруучу жолдордун бардыгын жаап салышың керек! Ошентип, алардын бардыгы бири-бирине ишене албагандыктан, сенин көрсөтмөңө муктаж болуп жашай беришет.” Чынын айтканда, СССР доорунда жана азыркы Орусия мамлекети да бул саясатка шайкеш катары билгичтик менен колдонгон жана колдонуп келүүдө.
1924-жылы диктатор аталган Сталин Батыш Түркстанда беш автономиялуу республиканы түзүп, Түркстандагы биримдикти бузуу максатында атайын көйгөйлүү аймактарды камтыган чек араларды белгилеген. Алар Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы, Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы, Тажик Советтик Социалисттик Республикасы, Түркмөн ССРи жана Казак Советтик Социалисттик Республикасы (башында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн жана анын 1936-жылы аталышы өзгөргөн). Ошентип, чек ара көйгөйлөр автономдуу республикалар 1991-жылы СССР жоюлгандан кийин өз алдынча мамлекет болун келгенден кийин деле улантылып келет. СССРден мурас катары калган бул маселелер ар дайым аталган мамлекеттер арасында карама каршылыктарды жаратып келген. Бул маселелерди чечуу максатында ар дайым Орусянын калыстыгына муктаждык да туюлуп турат. Анткени бул маселелерге калыс болгон Орусия оз убагында маселелерди жонго сала алат жана убактылуу катары болсо да аймакта тынчтык орнотуу максатында маселелерди белгисиз убакытка чейин токтоалган башкача айтканда маселени тоңдуруу болуп саналат. Орусия бул аймактардан куру кол кайткан эмес, башкача айтканда Орусия ар бир көйгөйдөн чечүү менен бирге артыкчылык катары өзүнө тарапташ табуу максатында колдонгон .
Азыркы учурда Борбор Азиядагы эң маанилүү көйгөйлөрдөн бири – чек ара маселелери болуп саналат. Бул аймакта жашаган бардык өлкөлөрдүн ортосунда чек ара көйгөйү бар. Бул чек аралар атайылап көйгөй жаратуу үчүн тартылып, бир жагынан аймактагы тынчтыкка олуттуу коркунуч туудуруп келет. Экинчи жагынан, ар дайым Орусиянын калыстыгына муктаждык туудуруп келет. Чек ара көйгөйүнун эн алгачкы маселеси катары анклав аймактар болуп эсептелинет. Фергана өрөөнүндөгү чек араларды аныктап жатып, анклав маселеси, башкача айтканда, башка мамлекеттин курчоосунда турган жер катары болуп саналат. Анклав аймактар негизинен ошол мамлекеттин атайлап коопсуздугуна коркунуч алып келуучу жер колдонулуп келет. Мисалы, Өзбекстанда Кыргызстандын Сох, Шахимардан, Чонкара жана Жаңыайыл деп аталган төрт анклавы бар болсо, Өзбекстандын негизги чек арасында Кыргызстандын Барак деп аталган анклавы бар. Алардын эң кызыгы – Кыргызстандагы Сох Анклавы. Анткени бул жер Кыргызстандын чегинде жайгашкан анын суверендуулугу Өзбекстанга берилген жана ал жерде жашаган калктардын көпчүлүгү тажик улутундагы элдер болуп саналат. Ошондуктан, Сох анклавы Кыргызстандын ичинде жайгашса дагы, анын эгемендүүлүгү Өзбекстан үчүн этникалык жактан болсо Тажикстан тарабынан маселе катары көйгөй жаратып келүүдө. Бул маселе бойунча мурда дагы Баткенде кыргыз-өзбек (айрыкча өзбек радикал улутчулдарынын) ортосунда чыр-чатак болгон.
Мына 28-апрелде Тажикстан тарабынан башталган Кыргызстандын чек арасыны бузуп кирип, ок чыгарып эки мамлекет арасында кайрадан чек ара маселеси көтөрүлдү. Негизинен азыркы болуп жаткан жаңжал суу бөлүштүрүү маселесинден келип чыкты. Бул ачык-айкын себеп болгону менен, бул окуянын Россиянын Тажикстан менен аскердик кызматташтыгы жана Россия Тажикстанда база ачуу чечимин кабыл алгандан кийин болгондугу маанилүү. Учурда Орусия унчукпай жатат.
Менин оюмча, Орусия Кыргызыстандын азыркы Президентине “мен бул жердин башкаруучусумун” деген мааниде билдирүү жөнөтүп жатса керек. Башкача айтканда ушул окуя менен Орусиянын аймактагы тен салмактуулугун көрсөткүсү келди окшойт. Албетте, калыс катары көрүнүп, кайрадан өзүнүн тышкы саясатын бекемдөө максатында болуп келет. Менин оюмча, эч нерсе өзгөргөн жок: Россия сценарийди жазып жатат жана ал актерлорду мусулмандардан жана түрктөрдөн тандайт. Натыйжада жеңген тарап Орусия, каны төгүлгөн мусулман жана түрктөр… Женген тарап Орусия, үй оокатын таштап качканга мажбур болгон, журогу сыздаган мусулмандар жана түрктөр… Орус энелери кубанып жатса, мусулман жана түрк энелеринин азаа күтүүсү күчөп барат… Буга карабастан мусулман-түрктөр Орусияга карата сылык болуп келет, бирок бири-бирине арстан сымал күч көргөзүп келебиз тилекке каршы. Эмне дейин, Аллах түшүнүү берсин … Бир гана чечим – Юнус Эмре айткандай “Келгиле достор бир болойлу…”
1

Yorumlar